Бул тууралуу Ирактын башкаруу кеңешинин башчысы Ахмад Чалаби ООНдун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Өлкөдөгү кырдаалга кайрылып, Чалаби Иракта азыр уникалдуу эксперимент жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ирактыктардын башкы максаты, Чалабинин айтымында, өлкөдө адилеттик орнотуп, эркин жана гүлдөгөн коом курууда турат. Бул багытта алга карай ишенимдүү адымдаганга аларга каскак болгонго жалданма каракчылар менен террористтердин бандасына ирактыктар мүмкүндүк бербейт, деп ишендирди Чалаби.