ТЕГЕРАН. Иран жетекчилигинин маалыматына караганда, Атомдук энергия боюнча эл аралык агентти өлкө жетекчилиги менен орток макулдашууга жетишти. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Акбар Салехи эки тарап биргелешкен чаралардын планын иштеп чыкканын жана анын негизинде өлкөдөгү объекттер текшерүүдөн өткөрүлө турганын билдирди. МАГАТЭнин директорунун орун басары Пиер Гольдшмидт Иран жетекчилиги менен эки күн бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Уюм Иранга 31-октябрга чейин мөөнөт берип, ага чейин өлкөнүн кыргын салуучу куралдарды чыгаруу пландары жок экенин тастыктоосун талап кылган. Иран атомдук куралдарды таркатпоо боюнча Жалпы келишимге кол койгон өлкө.