Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

ХАМИД КАРЗАЙДЫН АЛДЫНДАГЫ ПРОБЛЕМАЛАР


Ооган президенти Хамид Карзай мамлекет башчылыгына кайрадан шайланууну көздөөрүн билдирди. Шайлоо өлкөнүн кабыл алына турган жаңы конституциясынын негизинде эмки жылдын июнь айында өткөрүлүүгө тийиш. Талибан режиминин кулатылганына 2 жылдын жүзү болсо да, өлкөдө көптөгөн проблемалар чечиле элек. Дүйшөмбүдө эл аралык Эмнести Интернешнл уюму болсо ооган аялдарынын укуктары сакталбайт деген мазмундагы докладын жарыялады.

Карзай 2004-жылкы шайлоого катышаарын өткөн аптада Канададагы визити учурунда билдирди. Ошону менен бирге ал, шайлоо белгиленген мөөнөтүнөн эки-үч ай кечирээк өткөрүлүүсү мүмкүн экенини белгиледи. Канаданын телевидениесине берген интервьюсунда Карзай: “Техникалык же башка себептерден улам, шайлоону июнда өткөрө албай калсак, анда бизге дагы бир-эки ай бергиле деп ооган калкына ачык кайрылышыбыз керек”, - деген ою менен бөлүштү. “Бирок биздин максат – добуш берүүнү өз убакытында өткөрүү,” - деп кошумчалады ооган президенти.

Мындан бир жарым жылча мурун Ооганстандын Улуттук Ассамблеясы же Лойя Жырга тарабынан өлкөнүн президенти болуп бекитилген Хамид Карзай көпчүлүк тарабынан жаңы Ооганстандын символу катары каралууда.
2001-жылдын декабр айында Бонн конференциясы чогулуп, пост-талиптик Ооганстандын келечеги талкууланганда өлкөнүн жаңы конституциясы Лойя Жырга тарабынан быйыл бекитилет деп пландаштырылган. Ассамблея декабрда чогулат деп күтүлүүдө, бирок өткөн айда иштелип чыгат деп болжолдонгон жаңы конституциянын текстине алиге чейин кошумча-алымчалар киргизилүүдө. Ошол конституциянын негизинде келеээрки июнда президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.
Арийне Европалык бир дипломаттын баамында: “Ооганстан учурда ара жолдо калды. 2004-жылдын июнунда президенттик шайлоо өтөөрү күмөн.”

Карзай өзү мойнуна алгандай, анын шайлоого карай жолу оңой боло тургандай эмес. Талиптер Ооганстандан куулганына эки жылдын жүзү болсо да, өлкөнү реконструкциялоо ишинде, экономикада, этникаралык мамилелерде көптөгөн көйгөйлөр кала берүүдө.

- Проблемаларыбыз, кыйынчылыктарыбыз сактала берүүдө. Терроризмди жеңип, террористтер өлкөбүздөн куулуп, талиптер башкаруудан кетирилсе да, алар айрым жерлерде жойлоп жүрүшөт. Экстремизм менен дале болсо да күрөшүүгө туура келүүдө, - деп айткан Карзай ушул айдын башында Улуу Британияда сүйлөгөн сөзүндө.

Ушул тапта этникалык жана саясий баланс орнотуу максатында күч структураларында реформа жүрүп жатат. Өкмөттө жана коопсуздук органдарында Түндүк Альянстын өкүлдөрү басымдуулук кылаарын белгилей кетели. Андан тышкары октябрдын 25нен тарта эл аралык кооомчулуктун колдоосу менен 100 миңдей согушкерди куралсыздандыруу боюнча улуттук программа ишке ашырыла баштайт.

Ал эми 6-октябрда эл аралык Эмнести Интернешнл уюму ооган аялдарынын өкүнүчтүү абалын баяндаган докладын жарыялады. Анда талиптердин режими учурунда басмырланып келген кыз-келиндердин укуктары азыр деле корголбойт деп айтылат. “Ооганстандагы согуш аялдарга боштондук алып келет деген президент Буш жана АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл баш болгон дүйнө лидерлеринин убадасына карабай, эки жылдан кийин деле ооган аялдары дискриминация, зордук-зомбулук, теңсиздик абалында кала беришүүдө”, - деп айтылат баяндамада. Августта Эмнести Интернешнл өлкөнүн түрмөлөрүндө отурган кыз-келиндер жөнүндө сөз кылган эле. Абактагылардын көпчүлүгү социалдык, диний жүрүм-туруму үчүн кармалганы аныкталган. Уюм көпчүлүк убакытта күчкө салып күйөгө чыгууга каршы же, тескерисинче, жакындары жактырбаган жигит менен баш кошууга барган кыздардын ата-энелери өздөрү сотко кысым жасап, баш ийбегендерди түрмөгө отургуздурат деп белгилейт. Эмнести Инштернешнл эл аралык бейпилдик күчтөрү вилайеттерге да жайгаштырылып, ошол жердеги мыйзамдын сакталышына көзөмөл кылышы керек деп эсептейт. Анткени мыйзамдуулук болбой аялдардын укуктарын коргоо мүмкүн эмес деп айтылат докладда.

Ооган президенти ошондой эле өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган күчтүү лашкер башчылары менен можахеддер арасында өз бийлигин орното албагандыгы үчүн катуу сынга кабылып келет. Май айында Карзай лашкер башчылары анын борбордук жетекчилигин урматтабаса, кызматынан чегинээрин эскерткен. Президенттин сөздөрү аларга анчалык таасир этпесе да, Карзай эл аралык коомчулукка өлкөдөгү саясий процесстердин алга жүрүшүнө ким тоскоол кылып жатканы жөнүндө ишара бергенсиди.

Карзайдын башка бир сынчылары аны Кошмо Штаттарынын кол баласы деп күнөөлөшүүдө. Ошентсе да, байкоочулардын баамында, азырынча Ооганстанда улуттук деңгээлде таанылган, Батыштын колдоосуна ээ болгон Карзайдай саясатчылар жокко эсе.

XS
SM
MD
LG