Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Б.Шапиронун китеби боюнча сот иши башталды


БИШКЕК. Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китеп боюнча берилген доо арызды карай баштады. Бул окуу китебин 1999-жылы республикалык «СПИД» бирикмесинин башкы директору Борис Шапиро баштаган авторлор тобу орус жана кыргыз тилдеринде мугалимдер үчүн чыгарышкан. Ал эми «Кыргызстандыктардын арнамысын коргоо» коомунун төрагасы Акин Токталиевдин пикиринде, китеп улуттун менталитетине, нарк-насилине, бала менен ата-эненин мамилесине доо кетирет. Андыктан доогер китеп чыгарууга тиешелүү тараптардан 5 млн. сом өндүрүүнү соттон суранууда. Билим берүү жана маданият министрлигинин өкүлү келбегенин эске алып жана тараптардын сунуштарын карап чыгуу максатында сот 28-октябрга чейин танапис жарыялады. Сот отурумунун учурунда Акин Токталиевдин тарапкерлери имараттын алдына пикетке чыгышты.

XS
SM
MD
LG