БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү демократиялык коом түзүү жолунда мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга жана өлкөнүн бейкуттугу үчүн бардык саясий күчтөрдүн жоопкерчилигин арттырууга аракет кылууда. Кечээ Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Варшавадагы жыйынында Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, бийлик өлкөдөгү демократиялык принциптерди өз бетинче чечмелеген айрым күчтөрдүн аракеттерине карабай, демократиялык коом түзүү ниетинен тайбайт. Бул тууралуу кабарды бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты. Ал эми Варшавадан алынган кабар боюнча, жыйындын алгачкы эки күнкү отурумунда Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов жана «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким өз ойлорун ортого салышты. Алар Кыргызстандагы атуулдук коомдун жана маалымат каражаттарынын абалы боюнча кеңири маалымат беришти. ЕККУнун адам укуктарына арналган бул жылдык жыйынына 55 мүчө-мамлекеттен, 500 эл аралык уюмдан өкүлдөр катышууда. ЕККУнун Варшавадагы отурумуна Кыргызстандан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров да байкоочу катары катышып атат. Анын айтымында, Варшава жыйынына Кыргызстандан башка мүчө-мамлекеттердин биринен да расмий бийлик өкүлдөрү катышкан жери жок.
ЕККУнун Варшавадагы жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу ар кандай пикирлер айтылды