Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Казак парламентинин төмөнкү палатасы Каспийди бөлүштүргөн үч тараптуу макулдашууну бекитти


Анда талаштуу Каспий деңизиндеги Казакстан, Азербайжан жана Орусиянын үлүштөрү аныкталган. Үч мамлекет өз ара Каспийдеги үлүшүн жээктеги чек араларга жараша бөлүштүрүүнү макулдашышкан. Каспийди жээктеген Иран деңиз бирдей беш бөлүккө бөлүнүшү керек деп эсептесе, Түркмөнстан өз көз карашын ачык айта элек. Каспий деңизи түбүндөгү мунай менен газдын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG