Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Ооган конституциясынын жаңы долбоору жакынкы күндөрдө жарыяланат


Бул тууралуу өлкөнүн лидери Хамид Карзай билдирди. Документ элдик талкуудан өткөн соң быйыл декабрда аны лойа жырга бекитүүгө тийиш. Жаңы конституциянын негизинде эмдиги жылы июнда өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ал эми түндүктөгү Файзабад шаарында тажик командири Атта Мохаммад менен өзбек генералы Рашид Достумдун күчтөрү салгылаша кетишти. Куралдуу кагылышта эки тарап тең чоң жоготууларга учурады. Ушул эле күнү талиптердин мурдагы тышкы иштер министри Вакил Муттавакил түрмөдөн бошотулгандыгын Кандагардагы аскербашчылардын бири кабарлаган эле. Бирок Карзай муну төгүнгө чыгарды.

XS
SM
MD
LG