Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

МУРДАГЫ ФРАНЦУЗ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН СОТУ КОРРУПЦИЯНЫ ООЗДУКТОО АРАКЕТИНИН МАЙНАБЫ ЖӨНҮНДӨ ОЙГО САЛУУДА


Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Прага шаары Франциянын ордо шаарынын акимияты мурдагы премьер-министр Алан Жупэнин үстүнөн жүргөн сот иши менен байланыштуу терең иликтөөгө алынууда. Доочулар азыркы президент Жак Ширак Париждин шаар акими болуп турган чакта анын каржылык кеңсесин тейлеген Алан Жупэ жалган кызмат орундарын ойлоп таап, Ширактын ошол кездеги саясий шериктеринин көңүлүн алган деп Жупэни айыпташууда.

Францияда буга чейин деле коррупцияга малынган деген доолор боюнча сот жараяндары жүрүп келген. Азыркы чуулгандуу сот иши мындан дээрлик он жыл илгерки окуялар менен байланыштуу. Кыңыр иш – кырк жылда дегендей, эми гана бул окуялардын сары изине чөп салып иликтеп жатабыз, - дегендер да, баары бир окуянын чын-төгүнү толук ачылбайт ко деп санааркагандар да арбын.

Мурдагы премьер-министр, ушул тапта Бордо шаарынын акими жана бийликтеги Элдик Кыймыл үчүн Биримдик партиясынын жетекчиси Алан Жупэ (Alain Juppe) азыр 58 жашта. Анын саясий амбициясы 2007-жылы шериги Жак Ширак (Jacques Chirac) кызматтан кеткенде, анын ордуна президенттикке отурам го деген мүдөөгө барып такалат. Бирок Париждеги чуулгандуу сот иши анын саясий карьерасына чекит коюшу да ыктымал. Албетте, эгерде сотто ал айыптуу деп табылса.

Ага коюлган башкы доону уксак – Париждин шаар акимиятынын каржы мекемесин башкарып турган чакта, Жупэ бир катар ойдон чыгарылган кызматтарга ал кездеги шаар акими Жак Ширактын кишилерин койгон имиш.

Президент Ширактын кол тийбестик укугу аны сотко келип көрсөтмө берүүдөн 2007-жылга чейин калкалап турат.

Францияда чыгуучу “Экспресс” (L'Express) апталыгынын редакторунун орун басары Кристоф Барбье (Christophe Barbier) “Азаттык” үчүн курган маегинде адатта коррупцияга каршы сот иштеринин жыйынтыгында “киттер” четте калып, майда чабактар тутулуп жатканын айтат:

- Шайланма кызматтагы көптөгөн атка минерлер сотко жооп берүү үчүн чакырылган менен, коррупциялык сот жараяндарынын анча-мынчасы гана сот жазасы менен аяктады. Мындан улам француздар мындай дешет: же сот системасынын өзү мажирөө, начар жана коррупцияга малынган, же болбосо саясатчылардын баары тең коррупция сазына баткан.

Сотко чакырылып, акталып чыккандардын арасында мурдагы тышкы иштер министри Ролан Дюма, француз компартиясынын мурдагы жетекчиси Робер Гю, мурдагы каржы министри Доминик Стросс-кэн жана башкалар бар.

Экономикалык будамайлоолорду иликтеген француз адиси Вероник Пужа (Veronique Pujas) айым азыркы сот иштери коррупция дүйнөсүнүн четин гана чагылдыраарын, көптөгөн иштер көмүскөдө кала берип жатканын айтат:

- Сот системасынын иерархиялык тепкичтери кандайдыр-бир саясий көзөмөл астында турат десек болот. Мунун натыйжасында, сот ишин тергеген магистратуралык кызматтар шектүү делген кишиге айып тагууда, ал гана түгүл тергөөнү улантуу жаатында да чектелген бийликке эгедер.

Ошондой болсо да, журналист Кристоф Барбьенин оюнча, айкындуулук үчүн күрөш өз ишин жасады. Эми “чоңдор” мурдагыдан алда канча сестене башташты:

- Жазасыз кала берүү доору артта калды. Менимче, кырдаал улам жакшыруунун үстүндө.

Барбьенин оюнча, шайланма бийликтеги төбөлдөр мойсоп алган өкмөттүк каражат үчүн кармалган чакта, же мыйзамсыз башка аракеттери үчүн тутулган учурда, эми мурдагыдай “мен бул сыяктуу мыйзам бар экенин билбей калыптырмын” деп “ойт берип” кете албай калды.

“Транспаренси интернешнл” (Transparency International) аттуу уюмдун соңку жылдык баяндамасына караганда, коррупциянын араанынын ачылышы боюнча Франция дүйнөдөгү изилдөөгө алынган 133 өлкөнүн ичинен 23-орунду ээлейт. 119-орунда турган Кыргызстанга караганда, бул – алда канча жакшы жыйынтык, бирок Европа Биримдигинин алкагында Франция өзгөчө тынчсызданууну туудурган орунду ээлөөдө.

XS
SM
MD
LG