"Түндүк Балтиканын аялдарды сатууга каршы маалымат" кампаниясынын өкүлүнүн айтымында, үстүбүздөгү жылдын сегиз айында киши соодасына байланыштуу 10 кылмыш иши козголгон. Киши соодасы Латвияда 2000-жылы кылмыш деп таанылган жана андан бери 36 иш козголуп, сегиз киши сот жообуна тартылды. Латвия полициясынын маалыматына ылайык, денесин сатып, күн көрүш үчүн ай сайын 100 чакты кыз-келин Батыш Европага кетип турат.