Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Бүгүн Жакырчылыкты жоюунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ошто ПРООН тарабынан уюштурулган «тегерек стол» жыйыны башталды


ОШ. Жыйындын бүгүнкү бөлүгүндө жалпысынан чакан бизнести жана чакан каржылоону өнүктүрүү жолу менен жакырчылыкты жоюу жөнүндө сөз болуп, бир катар кредиттик кошуундардын өкүлдөрү өз ойлорун ортого салышты. Жыйынга катышып сөз сүйлөгөн губернатор Накен Касиевдин айтымында, бүгүнкү күндө Ош облусунда 100 млн. сомдон ашык кредит портфелине ээ болгон 70 кредиттик кошуун бар. Былтыр элге чакан каржылоо иретинде 390 млн. сомдук кредит берилсе, быйылкы жылдын 9 айында 315 млн. сомдук кредит элге таркатылган. «Кыргызстанда чакан каржылоону өнүктүрүү: маанилүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору» деп аталган жыйынга облустун жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык жана Кыргызстандагы финансы мекемелеринин эксперттери катышты.

XS
SM
MD
LG