Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:43

Румынияда бүгүн референдум башталды


Алдыдагы эки күн ичинде 18 миллионго чукул шайлоочу өлкөнүн жаңы конституциясына өз мамилесин билдирмекчи. Президент Ион Илиеску буга байланыштуу калкка атайын кайрылуу жасап, жаңы конституцияны колдоп берүүгө чакырды. Эгер эл коюлган суроого оң жооп берсе, өлкөнүн Европалык структураларга кошулушуна жол ачылат, а кокус калк жаңы конституцияны колдобой койсо, анда Румыния изоляцияда калат, деп айтты президент Илиеску. Бухаресттен алынган маалыматтарга караганда, добуш берүү иши азырынча солгун жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG