Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хост шаарына жакын турган аскердик базада орун алган окуянын чоо-жайы толук белгисиз. Кабарларга караганда, мындагы уруштарга америкалык аскерий учактар да тартылган. Кол салгандар талибдер деп шектелүүдө. Жергиликтүү бийликтер бүгүн эле Кунар провинциясында, жолдо болгон жардыруу үчүн талибдер менен "ал-каидачыларды" айыпташты. Жүк ташуучу автоунаанын жолундагы жардыруудан 4 адам өлүп, 5сү жаракат алган.