Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ооганстанда талибдердин талаа командири Молдо Жанан колго түштү


Ооганстанда АКШ аскерлери жана жергиликтүү полиция тарабынан талибдердин талаа командирлеринин бирөө колго түштү. Ал Урузган шаарында антикоалициялык аскер күчтөрүнө каршы ракеталык атууну уюштурган депшектенүүдө. Америкалык аскер кызматындагылардын билдиргенине караганда, Молдо Жанан Урузгандагы америка базасынын жанынан кармалган.
Дүйшөмбү күнү Кабулда Ооганстан өкмөтүнүн өкүлү Жавал Луддин талибдердин мурдакы башчыларынын бир нечеси азыркы ооган бийлиги менен тымызын байланыш түзүп, кызматташууну сунуш кылышканын билдирди. Луддин алардын ысымын атоодон баш тартты.

XS
SM
MD
LG