Ростов-на-Дону чөлкөмүндө 800 метрдей тереңдикте жердин астындагы кенде камалып калган 49 шахтерду куткаруу иштери уланууда. Шахты шаарындагы көмүр кенин жер астынан суу каптап, электрге зыян келтиргендиктен, ток менен иштечү жабдыктар керектен чыгып калган. Кабарларга караганда, жер астындагы суунун деңгээли улам көтөрүлүп, кырсыкка кабылган шахтерлордун өмүрү коркунучта. Кендеги кырсык башталгандан тарта жер астынан 15 шахтер аман-эсен куткарылып алынган.