Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

МАДРИД: АТАНТАЙ ДОНОРЛОР АЗ БОЛДУ


Мадридде донорлордун эл аралык конференциясы аяктап жатат. Жыйындын акыркы күнү анын катышуучулары Иракка көрсөтүлө турган жардамдардын конкреттүү цифраларын аташты. ООНдун баш катчысы Аннан согуштан бүлүнгөн Иракты кайра куруу ишин чукул арада баштоого чакырып,ошол эле учурда бул процесс оңой болбой тургандыгын да эскертти. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл донорлордун активдүү жардамы Ирактагы иштерди илгерилеткенге,бул өлкөнү жакын аралыкта демократиялуу коомго айлантканга көмөктөшөт деп ишенет.

ООНдун, дүйнөлүк банктын болжолдуу эсеп-кысаптарына ылайык, эл аралык санкциялардан жана согуштан бүлүнгөн Иракты калыбына келтирүү үчүн алдыдагы төрт жылда 56 миллиард доллар каражат керек болмок. Мунун 20 миллиарддайын Кошмо Штаттары бөлмөк болду. Андан соң Япония атантайлык кылды – Токионун өкмөтү Иракка көрсөтөр финансылык жардамдын суммасын эки эседен көбүрөөк жогорулатып, 5 миллиард долларга жеткирди. Мурда япониялыктар Иракты өнүктүрүү фондусуна бир жарым миллиард доллар акча которгонго убада беришкен эле. Мындан тышкары ошол эле мөөнөткө Британия- 950, Испания-300 миллион доллар өлчөмүндө адие кошот. Евросоюздун жалпы салымы 750 миллион еврого барабар болмокчу. Мунун 200 миллионун Европа комиссиясы, калганын союздун башка өлкөлөрү көтөрөт.

Эл аралык финансы уюмдары да Иракка ири суммада каражат бөлөрүн ырасташты. Эл аралык валюта фондусунун аткаруучу директору Хорст Келлер ырастагандай, Иракка экономикалык тыкыр жардам иретинде 850 миллион доллар бөлүнөт. Андан соң жыл сайын ошончо эле суммада каражат ажыратылып турат, жалпысынан валюта фондусунун үч жыл ичинде Иракка көрсөтө турган финансылык көмөгү төрт миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Бирок фонд ири масштабдуу программалардын аткарылышына кылдат көз салып турмакчы, кокус иш ойдогудай жүрбөсө Иракка каражат бөлүү токтотулушу мүмкүн. Дүйнөлүк банк да ушундай талап койду. Анын президенти Жеймс Вулфенсондун сөздөрүнө караганда, Ирак алдыдагы төрт жыл ичинде банктан 3 же 5 миллиард доллар чамасында адие алышы мүмкүн. Ошол эле учурда Вулфенсон белгиленген программалардын аткарылышы үчүн Иракта баарыдан мурда коопсуздук камсыз кылынышы керектигин белгиледи. Дал ушул себептен улам Иракты кайра куруу иштерине бир катар өлкөлөр, алардын ичинде Германия, Франция жана Россия активдүү катышкандан азырынча баш тартышты. Ал эми ири донорлордун бири болот деп аталып жаткан Сауд Аравиясы бир миллиард доллар бөлүп,анын жарымын карыз түрүндө бермей болду.Кувейт коңшусуна жарым миллиард,Иран 300 миллион доллар жардам көрсөтөт. Жалпы эсепте,Мадриддеги жыйындын катышуучулары Ирак үчүн 37 миллиард доллар каражат чогулта турган болушту.Бирок анын канчасы ирактыктардын колуна тиерин эч ким айта албайт.Кезинде эл аралык донорлор Ооганстанга да ири суммада акча бермей болушкан,азырынча анын көбү аткарыла элек.

Мадриддеги жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, ООНдун баш катчысы Кофи Аннан эл аралык коомчулук жаңы Иракты стабилдүү,көз карандысыз жана демократиялуу өлкөгө айлантуу ишине көмөктөшкөнгө даяр экенин белгилеп, бирок бул жолдо көп кыйынчылыктар акмалап турганын да эскерткен эле. “Жакын аралыкта суверендүү Ирактын өкмөтү түзөлөрүнө биз баарыбыз ишенебиз, - деп айтты ООНдун баш катчысы. - Бирок согуштан бүлүнгөн өлкөнү кайра тикелөө иштерин баштоону ага чейин токтото турганга болбойт,бу милдетти чечүүгө шыдыр киришүү зарыл”.

Жума күнкү жыйында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл сөз сүйлөп, дүйнөлүк донорлорду Иракка активдүү көмөктөшүүгө чакырды. Пауэллдин айтымында, Ирак өз келечегин конституциялык бийликтен,ачык рынок экономикасынан жана дүйнөлүк жамаатка кошулуудан көрөт. Ирактыктарга жардам керек, эл аралык коомчулуктун активдүү колдоосу Иракты кайра тикелөө ишин тездетет жана ирактыктар өз өлкөсү үчүн жоопкерчиликти толук өздөрүнө ала турган күндү жакындатат, деп айтты Пауэлл.

XS
SM
MD
LG