Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Жалалабад облусунун жетекчилиги кышка даярдык жана электр энергиясына акы төлөө маселелерин талкуулады


ЖАЛАЛАБАД. Бул жыйынга облустук жетекчилер, райондордун жана шаарлардын мекеме-уюмдарынын башчылары катышты. Кеңешмедеги баяндама боюнча, мектептерге 11 миң тоннанын ордуна 7 миң тонна көмүр ташылды, бирок ооруканаларга керектүү көмүр толук жеткирилди. Көмүр үчүн 1700 ардагерге компенсация төлөө милдети турат. Социалдык мекемелерге көмүр жеткирүү жана жылытуу системаларын оңдоо Аксы, Чаткал, Сузак, Токтогул, Тогузторо райондорунда аксап атат. Электр энергиясынын карызы облустук суу чарба ишканасында, Ташкөмүрдөгү кремний өндүрүүчү ишканада ж.б. арбын. Жарык акысын өндүрүү боюнча түзүлгөн 32 топ, апрель айынан бери 20 млн. сомдук карызды өндүрүүгө жетишкен. Облус электр энергиясы үчүн 151 миң сом төлөмөр.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG