Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАМЫЛГА КӨРӨ БАШТАШТЫ


Кыргызстандагы айрым саясий партиялар алдыда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоого катышууга камылга көрө башташты. Алардын айрымдары ушул жылы өткөргөн курултайларында келечек багыттарды болжоп, өз саясатын салмакташты. Парламенттик шайлоого активдүү катышып, мыйзам чыгаруу бийлигинен орун алуудан тышкары, чоң максатты көздөп, президенттик шайлоого да катышууга да камынган партиялар аз эмес.

2000-жылдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандагы кырктан ашуун саясий партиянын ичинен Социал демократиялык, «Атамекен» социалисттик, «Эркин Кыргызстан» прогрессивдүү жана «Эл» партиясынын жетекчилери мамлекет башчылыгына талапкер болушкан. Бирок, алардын ичинен «Эл» саясий партиясы гана президентикке талапкер кылып өзүнүн лидери Мелис Эшимкановду шайлоого алып чыккан.

Ал эми кезектеги 2005-жылдагы президенттик шайлоого айрым партиялар саясий багытына жана максатына карабай, өз катарынан президенттикке талапкер көрсөтүүгө камылганы катуу көрө башташты. Айрыкча, бийликке оппозициялык маанайдагы партиялардын камылгасы эмитеден байкалууда. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев эмне себептен президенттик шайлоого камынып жатышканын мындай деп түшүндүрдү:

- Азыркы Конституция боюнча бийликтин баары президенттин колунда. Биз ошон үчүн президенттик шайлоого сөзсүз катышабыз. Кимди көрсөтөөрүбүздү азырынча ачык айталбайбыз. Биздин арабызда татыктуу адамдар бар.

Саясий партиялардын ичинен өздөрүн «борборчул» деп атаган партиялар да аракет кылбай койгон жок. Алсак, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев:

- Өзүбүздүн талапкерибизди көрсөтөбүз деп аны программабызга киргизгенбиз. Ал күн тартибинде турат .

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин ою боюнча, оппозициячыл маанайдагы партиялар кеминде беш-алты талапкердин атын атоого даяр. Алар шайлоого жакындаганда «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын айланасына биригип, татыктуу деген бир талапкерин тандайт. Бирок, президенттик шайлоого чейин эле оппозиция өкүлдөрүнүн ал-күчүн салмактап коё турган үч-төрт жагдай бар. Ал – «азыркы мамлекет башчысы өзүнүн сөзүнө туруп, кезектеги президенттик шайлоого катышабы же жокпу» деген түпөйүл суроо.

- Биринчиден, президент акыркы үч жылдын ичинде беш жолу «Мен келерки президенттик шайлоого катышпайм» деп айткан, - дейт Топчубек Тургуналиев. -
Бирок, Ак үйдүн дүжүр чалдары менен балдары уламдан-улам «реформаны аягына чейин чыгарышыңыз керек, өзүңүз 2010-жылга чейин олтура бериңиз» деп атышпайбы. Менин оюмча, алар өз ыктыяры менен айтышкан жери жок. Аларды Ак үйдүн идеологдору Акаевдин тымызын макулдугу менен айттырып атат. Анан калса Акаев баш болгон бүгүнкү жетекчилер шайлоолорду бурмалоо технологиясын укмуштуудай үйрөнүштү. «Мен шайлоого катышпайм, барбайм» деген менен 1999-2000-жылдагыдай эле Конституциялык сот чечим чыгарып коет. Же болбосо шайлоого барбай эле, референдум жолу менен узартып алышы мүмкүн. Бул дагы добуштарды жасоо ыкмасына кирет.


Ал эми «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы президент шайлоого катышпайт деген бекем ишеничте:

- Президент Акаев 2005-жылы шайлоого талапкер болуп көрсөтүлүүгө юридикалык гана эмес, моралдык да укугу жок. Бул жагынан бүтүндөй карапайым калк, эл аралык коомчулук жакшы кабардар. Акаевдин талапкер болушу мыйзамга сыйбайт. Биз анын мыйзамды бузуп, мындай кадамга барышына каршы чечкиндүү күрөшөбүз.

Токон Шайлиева болсо Аялдардын демократиялык партиясы президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөтөөрүн, ал азыркы президент Аскар Акаевдин өзү болушу мүмкүн экендигин жашырган жок.

Анткен менен саясий партиялар өз талапкерлерин жалгыздап көрсөтсө жеңишке жетишүү кыйын экендигин салмактап, бир блокко биригип, бир талапкерди марага чыгарууга да кам көрүшүүдө. Ал тууралуу «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай дейт:

- Саясий акыбалга жараша аягында блокко биригишибиз мүмкүн. Себеби, башка жол жок.

«Акыйкат жана програсс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев бир блокко баш кошууга татыктуу партия табуу Кыргызстанда кыйынга тураарын билдирди:

- Эми азыр, биздин оюбузча, биз бириге тургандай партиялар жок болуп жатат. Бирок, кээ бир партиялар менен кеңешип жатабыз. Көңүлүбүзгө толгон партия табылса аны менен блок түзөбүз.

XS
SM
MD
LG