Азербайжандын Конституциялык соту Илхам Алиевдин президент болуп шайланганын бүгүн расми түрдө тааныды жана эми үч күндүн ичинде Илхам Алиев президенттик ант бериши мүмкүн. Оппозиция жана эл аралык байкоочулардын айтымында, 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар болгон, шайлоодон кийин Бакы шаарында кагылышуулар орун алып, өкмөт жүздөгөн адамды камакка алды.