Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

КЫРГЫЗСТАН ТЕХНИКАЛЫК ЖАҢЫ СТАНДАРТКА ӨТҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА


Бүгүн Бишкекте «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү» мыйзамды Кыргызстанда кабыл алууга арналган улуттук форум болот.

Форумда Кыргызстанда техникалык жөнгө салуу системасын кайра түзүүгө багытталган мыйзам долбоору менен программа талкууланат. Техникалык жөнгө салуу системасын өзгөртүү чечими былтыр Экинчи инвестициялык саммитте кабыл алынып, ага негиз берчү мыйзам менен программаны иштеп чыгуучу жумушчу комиссия түзүлгөн. Комиссия бир жыл ичинде техникалык жөнгө салуу концепциясын жана «Техникалык жөнгө салуунун негиздери» аттуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты. Президент Аскар Акаев 16-октябрдагы парламентке кайрылуусунда ал мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталаарын билдирген. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, мамлекеттик стандарттар боюнча Совет доорунан калган талаптар азыркы шартка дал келбей, уруксат берүүчү кагаздар 70% түзөт. Бул жагдай чет элдик инвестициянын келишине жана ишкерликке башкы бөгөт болууда. Ушундан улам товарлардын сапаты тууралуу сертификаттарды сөзсүз алуу талабын жоюу зарылдыгы пайда болду. Ал тууралуу Жоомарт Оторбаев мындай дейт:

- Административдик тоскоолдуктардын арасында техникалык жөнгө салуу 70% түзөт. Эми ошол көйгөйдү чечпесек болбой калды. Себеби, базар экономикасында иштеген соң, эл аралык стандарттарга жана Дүйнөлүк Cоода Уюмунун стандарттарына ылайык жашашыбыз керек. Мыйзам кабыл алынса, ал алдыдагы 5 жылдык программага негиз болуп берет. 5 жыл ичинде биз мамлекетибизде стандартташтыруу жана метрология боюнча ар түрлүү базар институттарын түзүшүбүз керек.

Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсү боюнча, жаңы мыйзам товарлардын эки гана талапка жооп берүүсүн шарттайт.

- Эки гана техникалык талап киргизип жатабыз. Алар – «элдин саламаттыгына жана экологияга зыяны тийбесин» деген талаптар. Калган талаптардын кереги жок, - деди Жоомарт Оторбаев.

XS
SM
MD
LG