Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Орусиянын башкы прокуратурасы “ЮКОС” мунай компаниясынын акцияларын камакка алды


Прокуратуранын кызматкери Наталья Вишнякованын айтымында:
- Компаниянын акциялары “Трансбанктын” эсебинде эле турат. Камакка алынган акциялар кылмыш иши козголгон Михаил Ходорковскийге жана Платон Лебедевге таандык. Ал эми калган акционерлердин акциясы камакка алынган жок.
Башкы прокуратуранын маалымдашынча “ЮКОСтун” Ходорковский менен Платоновдун кылмыш иштерине тиешеси жок жеке адамдардын акцияларынын 4,5% камактан бошотулду. Бейшембиде “ЮКОС”тун акцияларынын 44% прокуратура тарабынан камакка алынган. .
Орусиянын баалуу кагаздар базарында “ЮКОСтун” акцияларынын баасы 14% төмөндөп кетти. Жума күнү Дмитрий Медведевдин президенттин администрация башчылыгына дайындалышы менен, компаниянын акциялары кайрадан 5%га жогорулады деген пикирлер айтылууда.

XS
SM
MD
LG