Ооганстандын түндүгүндөгү Кандагар провинциясында кечээ кечинде куралдуу кагылышуу болду. Хелманд провинциясынын губернаторунун орун басары Хаджи Пир Моххаммед бүгүн билдиргенге караганда, чатак аскер менен полиция ортосунда чыккан жана беш саатка уланган салгылашуудан бардыгы болуп отуз адам курман болду. Касташкан тараптар бир-бирине каршы ракеталык чабуул жасаган. Андан тышкары, кечээ күнү Сар-и-Пул провинциясында өзбек генералы Абдул Рашид Достум менен тажик аскербашы Устад Атта Мохаммедин аскерлери ортосунда кагылышуу орун алып, беш адам набыт болду. Достум да, Мохаммед да ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү.