Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Баткен шаарында карантин жарыяланды


БАТКЕН. Баткен райондук ветеринария кызматынан 1-ноябрда алынган маалыматка караганда, аптанын башында Баткен шаарынын тургундарына тиешелүү 15 уйдун жугуштуу шарп ылаңына чалдыкканы шектелген. Лабораториялык изилдөөлөр уйлар чындап эле мындай илдетке кабылганын аныктады. Буга байланыштуу учурда Баткен шаарында карантин жарыяланып, мал-жандыктардын бардык түрлөрүн жана эт, сүт азыктарын сатууга тыюу салынды. Мындан сырткары илдеттин жайылып кетүүсүн алдын-алуу чаралары көрүлүп, малды эмдөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Илдет кошуна Тажикстандын Исфара районунунун малынан жуккан деген болжол бар.

XS
SM
MD
LG