Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Грузияда парламенттик шайлоо болуп өттү


Жекшембиде өткөн Грузиядагы парламенттик шайлоого жана референдумга шайлоочулардын 50% ашууну катышты. Алдын ала маалымат боюнча өкмөтчүл “Жаңы Грузия үчүн” коалициясы 38% добушка ээ болду. Оппозициялык маанайдагы Саакашвили башындагы Улуттук кыймылы шайлоочулардын 17%, Жумушчу партия шайлоочулардын 15% добушун алды. Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нона Девдарианинин маалымдашынча “процедуралык эрежелер бузулган жана тартип бузууга жол берилген” деген кине менен 17 жайда шайлоо жараксыз деп табылган. Шайлоонун жалпы жыйынтыгы жакын арада чыгарылат.
Шайлоодо 14 партия, алты коалиция ат салышты. Грузин атуулдары ошондой эле депутаттардын санын 235тен 150гө азайтуу жөнүндөгү референдумга да добуш беришти.

XS
SM
MD
LG