Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

ИРАК: КОАЛИЦИЯЛЫК КҮЧТӨРГӨ КОЛ САЛУУЛАР УЛАНУУДА


Байян Жумакадыр кызы, Прага Иракта Америкалык аскерлерге кол салуулар уланууда. Пентагондун маалымдашынча, шейшембиде кечинде АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн Багдаддагы кеңсеси ракеталар менен аткыланды. Андан бери дегенде үч киши жарадар болду. Ал эми шаршемби күнү эртең менен АКШнын Мосул шаарындагы аскердик кеңсеси аткылоого дуушар болду. Андан канча киши жабыркаганы айтылбайт.

Шейшемби күнү кечинде Багадда коалициялык күчтөрдүн башкы штабы ракеталар менен аткыланды. Ракеталар президент Саддам Хуссейиндин сарайларынын биринде жайгашкан, чычкан жойлогуз кылып күзөтүлгөн штабдын так жанында жарылган. Пентангондун маалыматына караганда, андан бери дегенде үч америкалык аскер жарат алышты, бирок имараттын өзү жабыркаган жок. “Жашыл зона” деп жарыяланган бул кеңселерде АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремердин кызматы жайгашкан. АКШнын катаң күзөттөлгөн Мосулдагы аскердик штабына ушундай эле кол салуу жасалды. Мааламат агенттиктери шаршембиге караган түнү жардыруулар америкалык кызматкерлер менен чет элдик журналисттер жашаган "Палестина" жана "Ал Рашид" мейманканалаларынын айланасында угулуп турганын кабарлашат.Шейшемби күнү жол четине орнотулган бомбанын жарылуусунан Багдадда бир америкалык жоокер курман болуп, бирөө жарат алды. Бул өткөн жекшемби күнү Фалужада Америкалык тик учак атып түшүрүлгөндөн бери орун алган кол салуулардын толук эмес гана тизмеси. Эсиңиздерге сала кетели, Фалужада согушкерлер америкалык аскердик тик учакты атып түшүрүшкөн. Андан ,бери дегенде, 15 солдат курман болду. Бирок келтирилген фактылардын өзү эле Иракта "чет элдик оккупанттарга каршы" уюшулган партизандык согуш башталганын ырастоодо.

Шейшембиде Мосулда Исмаил Йусуф деген прокурорду бир куралчан адам үйүнүн жанынан атып кеткен. Андан бир күн мурда Нажафта белгисиз бирөөлөр Мухан Жабр ал-Шувейли деген сотту уурдай качып, өлтүрүп салышкан. Курман болгон эки юрист тең Садам Хусейиндин БААС партиясынын мүчөлөрүнүн иштерин териштирип, сотко ашыруу менен алек болушканы маалымдалат. Ошон үчүн байкоочулар Иракта болуп жаткан кол салуулар менен киши өлтүрүүлөрдүн артында бийликтен кулатылган Саддам Хуссейиндин тарапкерлери тургандыгын айтып жатышат. Мындай божомолго Саддамдын соо- саламат эл ичинде жашынып жүргөндүгү жөнүндөгү айың кептер кошул- ташыл болууда.

Ирактагы кырдаал коркунучту болуп кала берип жатканына байланыштуу, эл аралык уюмдар менен өлкөлөр өз кызматкерлерин ирактан сак-саламат чыгарып кеткенге ашыгууда. Шейшембиде АКШнын Ирак согушундагы жакын шериги Испания Ирактагы 30 чакты дипломатынын 25ин чыгарып кетип жатканын жарыялады. Андан мурда Голландия менен Болгария өз дипломаттарын кошуна өлкөлөргө алып кетишкен.

Президент Жорж Буш айткандай, мындай кол салуулар менен Ирактагы душман Американы өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылганга аракеттенүүдө. Бирок АКШнын коргоо министринин орун басары, Ирактан жаңыдан эле кайтып келген Поль Волфовиц көпчүлүк карапайым ирактыктар Америкалык аскерлердин канчалык зарыл болсо, ошончолук убакытка калуусун каалап жатышканын айтат”

- Ирактыктар биздин кетишибизди каалайбы? Албетте, каалашат. Бирок сурамжылоо көрсөткөндөй, көпчүлүк ирактыктар АКШ баштаган коалициянын зарыл болгон убакытка калуусун жана бийликтен кулатылган күчтөрдүн кайра бийликке келбей турганын кепилдөөсүн каалашат.

АКШнын жогорку даражалуу өкүлү бул билдирүүсүндө карапайым ирактыктардын пикирин кайсы мекеме же уюм, кайсы убакта сурап билгенин ачыктаган жок.

XS
SM
MD
LG