Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

ОРУСИЯ-КЫРГЫЗСТАН ДОСТУГУ: МАМИЛЕНИН САЯСИЙ-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ


Канатташ жашаган Казакстан, Өзбекстан, андан аз өтпөй Орусия менен Кыргызстан түбөлүк достук келишимине кол койгон. Оголе чоң маани-мазмунду камтыган мындай документ көбүнесе саясий изги тилек, илгери үмүттөн улам чыгаарын турмуш тажрыйбасы көрсөтүүдө. Айталы, түбөлүк дос Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чалкеш чегара маселеси, талаштуу жерлерге коюлган өзбек минасы турат. Казакстан аркылуу сыртка товар ташып өтүү асмандаган тарифтердин айынан чоң кыйынчылыкка капталууда. Буга кошумча ал жерде Кыргызстандан иш издеп барган мигранттарга жасалган мамиле башканы көрсөтүүдө. Орусия менен “түбөлүк достук” Канттагы авиабаза аркылуу ырасталды.

Кыргыз бийлиги менен оппозициясы орус-кыргыз түбөлүк достугу, Орусиянын “Кант” авибазасынын ачылыш маселесине келгенде пикирлеш болуп чыга келишти. Бийликтин жасаган-эткенин жактырбагандардын арасынан жаңы авиабазанын ачылышына каршы пикир айткандарды табуу кыйын. Канттагы салтанатта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы дүйнөгө дүң болгонуна ыраазылыгын жашырбаган президент А.Акаев, эки элдин түбөлүк достугун мындайча сыпаттаган:

- Кыргызстан - Борбор Азия коопсуздугундагы маанилүү тутумдардын бири. Ал өзүн Орусиянын бул чөлкөмдөгү саясий негизинин таканчыгы деп эсептейт… Орусия менен бирикме болбогондо чалкеш оор мезгилде, кыргыз элинин тагдыры чечилип жатканда тарыхтын оош-кыйыш жолунда жүрүшүбүз кыйынга айланмак. Биздин мамлекеттүүлүктүн сакталып калышынын бир себеби Совет бийлигинин алгачкы жылдарында кыргыз автономиясы белгилүү учурга чейин Орусия Федерациясынын курамында туруп калышына байланыштуу. Биз аны дайыма эстейбиз. Мен «Орусия менен бизди Кудай жана тарых экөө чогуу табыштырган» деп айтам.

Кыргыз президентинин антип агынан жарылган ачык пикирине жооп кылган Орусия президенти Канттагы авиабазанын ачылышы убагында жасалган иш-чара экенине өзгөчө басым жасаган.

Орусия президенти Владимир Путин:
- Жалпысынан алганда азыр Борбор Азиядагы абал туруктуу. Анткен менен сырттан келчү террордук кол салууларга көз жуумп коюуга болбойт. Мындай шартта Канттагы авиабазанын ачылышы - зарыл, убагында жасалган иш-чара.

Орусиянын Кантта авиабазаны антип апыл-тапыл ачышынын артында Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыгы башбактап турат. Антитеррордук коалицияга кирген байманалуу Батыш өлкөлөрүнүн «Манас» аба майданындагы авиабазасынын кенен орун-очок алышы Орусияны ыкчам аракетке өтүүгө түрттү окшойт.

Республиканын жакын арада оңолуп кетишинен күмөн санагандардын көбү ушу тапта Орусия менен Казакстанда соода-сатык, кара жумуш кылып жүрүшөт. Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, алардын саны жарым миллионго жакын адамды түзөт. Бул Орусиянын Кантта жайгаштырчу 500дөй аскерине караганда кыйла арбын күч. Непадам Орусия миграция тууралуу мыйзамын катаңдаштырып, кымырынып-кымтынып жүргөн кыргыз мигранттарын келген жолуна кайтарчу болсо, Кыргызстанды кандай социалдык катаклизмдер күтөөрүн расмий Бишкек абдан жакшы түшүнөт.

Канттагы авиабазанын ачылышын утурлап, эки өлкөнүн экономикалык алака-катышын жакшыртууга арналган инвестициялык саммит өттү. Анда негизинен мурунку СССР кезинде курулуп, ушу тапта жарым-жартылай иштеп же токтоп калган өнөр жай гиганттарын чогуу иштетүү маселеси талкууланды. Дүйнөлүк базардагы соодасы жакшы жүрүшпөй, карызга белчесинен баткан «Кадамжай сурма комбинаты» акционердик коомун жандантуу, Нарын дайрасына курулган ГЭСтерге жабдууларды берүү, Камбарата ГЭСин алгоолошуп куруу, туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу сыңары бир топ иштиктүү сунуштар айтылган. Орусиялык ишкерлер менен болгон жыйындан аз өтпөй 31-октябрда кыргыз өкмөтү Бишкектеги «Айнур» акционердик коомунун мамлекетке таандык акциясынын 40% орусиялык «СК Пром» ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарды. Бара-бара ушундай эле тагдырга СССР убагындагы аскер-өнөр жай комплексине тийиштүү, ушу тапта акционерлешкен ишканалар туш келээри турган иш. Кыргызстан Орусиянын алдындагы 150 миллион доллардан ашуун карызынан кутулуш үчүн иши жүрүшпөй калган ири заводдорду баалап бериштен башка амал азырынча табыла элек. Канттагы авиабаза да ошол карызга чегерилген ири аскердик объектилердин бири болчу.

XS
SM
MD
LG