Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Башкы прокуратура электр акысын төлөбөгөндөргө каршы аракет көрүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Башкы прокуратуранын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, электр энергиясын уурдап пайдалануучуларга карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. Башкы прокуратуранын мыйзамдык актылардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Канат Аманкуловдун маалыматы боюнча, 18-октябрдан бери электр энергиясын уурдоого байланыштуу 43 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 17 млн. сом кайтарылды. Бирок дагы 950 млн. сомду кайтаруу милдети турат. «Электр энергиясын уурдоо Административдик эле эмес, Кылмыш кодекси боюнча да жоопко тартылат» деп белгиледи Канат Аманкулов.

XS
SM
MD
LG