Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:40

АКШ Ирактагы аскерлерин алмаштырууга даярданууда


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү атайын билдирүү жасап, келерки жылы Иракка Америкадан 85 миң жаңы аскер жиберилет деп жарыялады.
- Жакынкы айларда Иракта аракеттенген аскерлер жана аларды колдогон күчтөр алмаштырылат. Даярдыкта турган 85 миң аскер жана гвардиянын дагы үч бригадасына биз - алар Иракка бара турганын билдирдик.
Азыр Иракта 132 миң америкалык аскер жайгашкан. Кечээ күнү Карбала шаарынын алдындагы куралдуу кагылышууда бир польшалык аскер курман болду, Сириянын чек арасынын жанында болсо бир америкалык аскер минага жарылып өлдү.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG