Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Казакстанда кыргызстандык атуулдардын укуктары басмырланууда


БИШКЕК. Казакстандын Чилик районунда иштеп жаткан кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктары басмырланууда. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысынын басма сөз кызматынын жетекчиси Топчугүл Шайдуллаевадан алынды. Анын билдирүүсүнө караганда, акыйкатчынын эки кызматчысы жана «Аялдарга кызмат көрсөтүү борбору» аттуу бейөкмөт уюмдун президенти Роза Айтматова Чилик районуна барышканда жагдайдын ошондой экенин көрүшкөн. Алар Казакстандын Чилик районундагы тамеки талааларына иштеп келген кыргыз атуулдарынын акыйкатчыга жолдогон 5-6 арызын иликтеш үчүн барышкан. Ѳз сапарында алар быйыл Чилик районунун Сөгөтү, Масак айылдарында иштеген кыргыз атуулдарынын 16сы кургак учуктан жана башка илдеттерден каза болгонуна күбө болушту. Алардын маалыматына караганда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эмгек мигранттарынын адам тургус кир, ыңгайсыз кепелерде жашап, жаш балдар менен боюнда бар аялдар тамеки талааларында иштешет.

XS
SM
MD
LG