Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Иракка чет жактардан жүздөгөн террорчулар келип жатат


Америкалык аскерлердин командачысы Ричард Санчес алардын арасында Йеменден, Судандан, Сириядан, Египеттен жана башка өлкөлөрдөн келген ыктыярдуулар бар экенин белгиледи. “Ал-Каиданын” лашкерлери деген шек менен кармалган 20дай адам дале абакта жатат. Кечээ америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондализа Райс Иракта кызыл-кыйма салгылаштар күтүлбөйт, коалиция бул өлкөдө коопсуздукту камсыз кыла алат деп билдирген эле. Ошол эле күнү Басра шаарына жакын жерде жол танабына көмүлгөн минага кабылып, төрт адам мерт кетти, үч киши жарадар болду. Алардын баары жергиликтүү тургундар. Багдадда да сот жайгашкан имаратка чукул жерде бомба жарылып,тогуз киши жарадар болду.

XS
SM
MD
LG