Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

ОЛИГАРХ АБАКТА КАЛАТ


Москванын шаардык соту мунай миллиардери Михаил Ходорковскийдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.Сот процесси башталып, айыптуу же айыпсыз экени аныкталгыча ал абак жайында калат. Башкы прокурордун орунбасары Владимир Колесников Мамлекеттик думадагы “тегерек үстөл” жыйынында сүйлөгөн сөзүндө олигархтын иши жакынкы күндөрдө сотко ашырыла тургандыгын билдирди.

“ЮКОСтун” мурдагы башчысын күрөөгө же кепилдикке түрмөдөн бошотууну мамдуманын 40 депутаты жана аталган компанияда иштеген үч жүздөй киши суранган эле.Алардын арасында, Ходорковскийдин адвокаты Антон Дрелдин айтымында, Борис Немцов, Григорий Явлинский, Алексей Мелников өңдүү белгилүү саясатчылар, ошондой эле Людмила Алексеева жана Алексей Симонов сыяктуу таанымал укук коргоочу активисттер бар эле. Мындан тышкары сотто олигархтын адвокаттары тергөөнүн жүрүшүндө Ходорковский сурак бергенден баш тартпай тургандыгын да айтышты. Сот күрөөнүн суммасын аныктап отургусу келген жок, кыязы, муну таптакыр кажетсиз деп тапса керек.

Адвокаттар эми Ходорковскийдин өзү менен кеңешип көрүп, ошого жараша иш кылганы жатышат. Бу чечимди, Дрелдин сөздөрүнө ылайык, алды менен Москва шаардык сотунун президиумунда, андан соң, арийне, Россиянын Жогорку сотунда, айла түгөнсө акыры атүгүл адам укуктары боюнча Европа сотунда даттанууга туура келет.

Шаршемби күнү Россиянын башкы прокурорунун орунбасары Владимир Колесников олигархтын баш коргоо чарасы узартылышы да мүмкүн экенин эскертти. Мыйзамга ылайык, кыңыр-кыйшын иштери үчүн камалган адамды абакта эки ай кармаса болот, бирок тергөөнүн жүрүшүндө олуттуу зарылдык келип чыкса, бул мөөнөт бир жылдан эки жылга чейин узартылат, деп билдирди Колесников. Ходорковскийдин маселеси боюнча тергөөчүлөр кандай чечимге келет, баары ушуга жараша болот. Ошол эле учурда Колесников прокуратура олигархтын ишин колдон келишинче кыска убакыт аралыгында таптиштеп чыгып, сотко ашырганы жатканын да кошумчалады. Бизнесменди абакта кармоо үчүн тергөөчүлөрдө жетиштүү негиздер бар экенин белгилеп, Колесников прокуратура органдары россиялык ак ниет ишкерлердин ишенимдүү корголушуна кызыкдар деп ырастады. А бирок элдин мүлкүн талап-тоногондорго прокурорлор кылмыш кодексине ылайык чечкиндүү чараларды көрмөкчү.

Михаил Ходорковский, Батыштагы бир катар басылмалардын,алардын ичинде “Вашингтон пост” гезитинин баасында, Россияда кайра күчүнө келип,күр боло баштаган “чекисттердин” жаңы муунуна өлкөнүн байлыгын жулуп-жулкуп маарып алган дал ошондой көпөстөрдүн бириндей көрүнөт. Бирок чындыгында ”ЮКОСтун” тегерегиндеги чуулгандуу кампания Россияда не демократия, не капитализм барпаа болуп, байырлап кетпегенин көрсөтөт, деп белгилейт аталган гезит өзүнүн редакциялык макаласында. Ушул эле гезит “Россиядагы реваншизм” деп аталган экинчи бир макаласында “чекисттердин” ооматы кантсе да Ельциндин тушунда, 1993-жылы октябрда орус парламенти танк менен аткыланган кезде башталганын белгилеп, Путиндин маалында улантылып жатат деп жазды. Ходорковскийдин топтогон байлыгы аны Путиндин негизги оппоненти окшотуп санаганга жүйөө берет, бирок олигарх калк арасында кеңири колдоого ээ болорун билдирген эч кандай жышаан да жок, деп көрсөтөт “Вашингтон пост”.

Америкалык башка бир “Вашинтон таймс” гезити Ходорковскийди азыр Батыш гана баатыр кылып башына көтөрүп жатканын белгилеп, ал эми Путинди криминалдык капиталисттерге каршы ушундай эле ыкмалар менен күрөшкөн президент Теодор Рузвельтке теңештирди.

XS
SM
MD
LG