Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Европа Биримдиги Иранды өзөктүк куралды таркатпоо келишимине кошулууга чакырды


Евробиримдиктин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана мунун алдында Иран өзүнүн өзөктүк программасы тууралуу ачык билдиргенин белгилеп, ага каршы санкция киргизүүнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуш этүүнүн зарылдыгы жок деген эле. Орусиянын Атомдук энергетика министри Александр Румянцев да Иранга каршы санкция тууралуу сөз кылуунун өзү орунсуз экенин белгиледи. Кошмо Штаттары Иранды өзөктүк куралды таркатпоо келишимин бузду деп айыптап, ага каршы санкция киргизүү үчүн Коопсуздук Кеңешине кайрылууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG