Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Мыйзам чыгаруу жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору карала баштады


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорлорун карай баштады. Депутаттардын кароосуна президент Аскар Акаев жана депутат Бектур Асанов даярдаган эки башка долбоор коюлду. Президенттин долбоору боюнча мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов сөз сүйлөдү. Ал жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуудан улам келип чыкканын билдирди. Президент даярдаган долбоор либералдуулугу менен айырмаланат. Ал эми депутат Бектур Асанов даярдаган долбоордо өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын берүүлөрүнүн 50% мамлекеттик тилде болушу керек экендиги, кыргыз тили «улут аралык тил» деп жарыяланышы керек экендиги жазылган. Мыйзам долбоорлору беренелер боюнча эртең талкуулана баштайт.

XS
SM
MD
LG