Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

АКШ жана Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча эки ача пикирде


Ирандын өзөктүк программасына карата кайчы пикирлер маселе эртең МАГАТЭнин Директорлор кеңешинин жыйнында каралаар алдында айтылууда. Европа Биримдигинин тышкы саясатты тейлеген комиссары Хавьер Солана кечээ Иран өзөктүк программасы жөнүндө чыныгы маалыматты берип жатканын белгилөө менен бул маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине сунушталбашы керектигин билдирген эле. Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл мындай пикир менен толук макул эмес. Ал белгилегендей, Вашингтон азыр деле Иран өзөктүк курал жасоого аракеттенип жатат деген ойдо. К.Пауэлл Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен жолугуу үчүн бүгүн Брюсселге келет. Сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы, Ирактагы жагдай, Европа Биримдигинин коргонуу планы жөнүндө сөз болмокчу. Кечээ уюмдун тышкы иштер министрлери АКШ баштаган коалициянын Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү тездетүү планын кубаттады.

XS
SM
MD
LG