Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Өлкөнүн кышка даярдыгы ойдогудай эмес


БИШКЕК. Быйылкы кыштан чыгыш үчүн Бишкек ТЭЦине зарыл болгон 591 миң тонна көмүрдүн азыр 56% гана топтолду. Мындай маалымат премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы менен кечээ кечинде өткөрүлгөн селектордук кеңешмеде айтылды. Маалыматка караганда, бюджеттик бир дагы мекеме кышка даяр эмес. Маселен, Ички иштер министрлигине зарыл отундун азыр 6,2% гана бар. Коргоо министрлиги зарыл отундун 15%, Билим берүү жана маданият министрлиги 83%, Саламаттык сактоо министрлиги 69% камдашты. Бишкек ТЭЦи жагып жаткан газдын көлөмү азыр саатына 31 миң куб метр болууда. Борборду жылуулук менен толук камсыз кылыш үчүн эки агрегат ишке киргизилсе, саатына дагы 5 миң куб метр газ керек болот. Бирок газ боюнча Кыргызстандын Өзбекстанга карызы 12 млн. долларга чамалап калгандыктан, кыш айларында элди газ менен камсыз кылуу маселеси курчушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG