Европанын борбордук жана чыгыш бөлүгүндөгү он жети өлкөнүн лидерлери Варшавадагы эки күндүк жыйында кабыл алган билдирүүдө эл аралык терроризм демократиялык ачык коомдун негиздерин бүлүнтүп жаткандыгы белгиленет. Уюмдун мүчөлөрү терроризмге каршы күрөштө өз ара кызматташтыкты жана трансатлантикалык байланыштарды чыңдоого чакырышты.