Сильвио Берлусконинин мурдагы кеңешчиси паракордукка байланыштуу кине боюнча түрмөгө кесилди. Сезаре Превити Милан шаардык соту тарабынан убагында мамлекеттик азык-түлүк компаниясын Берлусконин атаандаштарына саттырбаш үчүн эксперттерге пара бергендиги үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул иш боюнча Италиянын премьери Берлускони да жоопко тартылмак, бирок ал жана өкмөттүн дагы төрт мүчөсүн кол тийбестик иммунитети жөнүндөгү мыйзам соттон калкалап калды. Бүгүн беш жылга эркинен ажыратылган Превити башында Берлусконинин өкмөтүндө коргоо министри болуп иштеп, кийин анын жакын кеңешчиси жана жеке адвокаты болуп да жүргөн.