Бүгүн Ооганстандын президенти Хамид Карзай өлкөдө президенттик шайлоо келээрки жылдын июнь айында өтөөрүн билдирди. Кабулда өткөн маалымат жыйынында Карзай, президенттик шайлоонун тизмесине илиниш үчүн өкмөт “бет алган багыты боюнча туруктуу иштеши керек”-деди. Ооганстандагы президенттик шайлоодо Хамид Карзай да талапкерлигин коюшу күтүлүүдө.