БИШКЕК. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын акыйкатчысын мүчө кылып кабыл алууну өтүнүп, Омбудсмандардын дүйнөлүк институтуна жана Омбудсмандардын европалык институтуна кат жолдоду. Мындай маалымат бүгүн Турсунбай Бакир уулунун өзүнөн алынды. Анын айтымында, бул Кыргызстанда адам укуктарын коргоонун эл аралык тажрыйбасын калыптандырууга жана адам укуктарын коргоо боюнча институттарга мүчө болгон мамлекеттер менен өз ара мамилени чыңдоого шарт түзөт.