Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Стамбулдагы жардыруулар үчүн жооптуулардын айрымдарына айып тагылды


Түркиянын коопсуздук соту өткөн аптада Стамбулда болгон эки жардырууга байланышы бар деп шектелген тогуз кишиге айып такты.
Анатолия маалымат агенттигинин ырастоосунда, күнөө бир нече саатка созулган сурактан кийин бүгүн эртең менен тагылды.
Кабарга караганда, шектүүлөр мыйзамсыз уюмга мүчө болуп кирүү жана ошондой уюмга жардам берүү үчүн күнөөлөнүп жатышат.
Ал эми өткөн бейшемби күнкү жардыруулардан кийин кармалган дагы үч киши коё берилди.
20-ноябрда Британиянын Стамбулдагы консулдугу жана британиялык банк жардырылган эле. Ал үчүн жоопкерчиликти “ал-Каидага” жакын деп шектелген топтор өзүнө алышкан. Терракттан 30дай киши курман болду.

XS
SM
MD
LG