Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

"Эркин Европа" - "Азаттык" үналгысы өзүнүн жети кызматын кыскартууда


"Эркин Европа" - "Азаттык" үналгысы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өзүнүн жети кызматын кыскартууну чечти. Радионун президенти Томас Дайндын айтымында, 31-декабрда болгар, латыш, литва, румын, словак, хорват жана эстон тилдериндеги берүүлөр токтотулат жана Братислава, Бухарест, Вильнюс, Загреб, Рига, София менен Таллин шаарларындагы бюролор жабылат: "Прага шаары менен бюролордогу жүзгө жакын кызмат орду бошотулууга тийиш. Өз ишине берилген жана болуп көрбөгөндөй көп угуучулардын көңүлүн тарткан жогорку деңгээлдеги адистерге биз кейиштүүлүк менен кош айтууга аргасызбыз". Аталган өлкөлөрдө жетиштүү сандагы көз карандысыз маалымат каражаттары болгондуктан, АКШ жетекчилиги радионун бюджетин кыскартууда.

XS
SM
MD
LG