ТАЛАС. 29-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясы Таласта ачылып жаткан реаблитациялык борборго баасы 10 миң сом турган атайын жабдууларды тапшырды. Бишкектеги реабилитациялык борбордон келгендер жергиликтүү адистерди үйрѳтүшүүдө. Борбордун ачылышы 3-декабрга белгиленген. 80 орунга ылайыкталган борбор мурдагы психоневрологиялык балдар интернатынын базасында ѳткѳн жылдын август айында ѳкмѳттүн токтому менен түзүлгѳн. Ошондон бери аны реконструкциялоо жүрүп, 2 млн. сомдук иштер бүткѳрүлдү. Марафондон түшкѳн каражаттар да борбордун керегине чыгымдалууда.