Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Бүгүн Ош шаарында 1600 адам бата турган «Шейит дөбө» мечитинин ачылыш аземи болду


ОШ. Бул аземге Ош облусунун губернатору Накен Касиев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Ош шаарынын мэриясынын жетекчилери ж.б. катышты. Бул мечитти баш кеңсеси Сауд Аравиясынын Жидда шаарында жайгашкан Бүткүл дүйнүлүк мусулман жаштар ассамблеясынын төрагасы Саид Бауми мырза 93 миң долларга салдырган. Бул чыгымдан тышкары, мусулман демөөрчүлөрдүн акчалай жана курулуш материалдары түрүндөгү кошумчалары керектелген.

XS
SM
MD
LG