Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы парламент тарабынан кабыл ала элек. Алгач, Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы Шайлоо кодекси иштелип чыккан. Ал эми депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов, Кубатбек Байболов тарабынан да Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр-толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбоору сунушталган. Акыры эки мыйзам долбоору бириктирилип, ушул айда парламенттин талкуусуна коюлмакчы. Шайлоо кодексинин жаңыланган редакциясы быйыл жайдан бери БШК, бейөкмөт уюмдар, парламент мүчөлөрү, эларалык уюмдардын катышуусу менен бир нече жолу талкуудан өттү.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин демилгеси менен түзүлгөн Кеңеш берүүчү жыйындын акыркы отурумунда да Шайлоо кодекси талкуулады. Абдыганы Эркебаевдин сөзүнө караганда: «Aзыр иштеп аткан Шайлоо кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Анын негизинде парламенттик жана президенттик шайлоолор өткөн. Ошол шайлоонун изи сууй электе коомчулуктун, таасирдүү эларалык уюмдардын, ЕККУнун, АКШнын Улуттук демократия институтунун пикирлерин эске алуу менен Шайлоо кодексине маанилүү өзгөртүү, тактоолор киргизилген. Оңдолгон Шайлоо кодексинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтуна шайлоо өткөн. Турмуш көрсөткөндөй, Шайлоо кодексин кайра жаңылоо, реформалоо зарылдыгы келип чыкты».
Бүгүнкү парламенттик угууда Шайлоо кодексинин маанилүү бөлүгү - үгүт иштерин жүргүзүүнүн эреже-шарттары талкууга алынат.