Президент А.Акаевдин Норвегияга ырасмий иш сапары ийгиликтүү өткөнүн шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттери маалымдашты. Президент баштаган делегация Ослодо дипломатиялык осол ишке кабылганын «МСН», «Республика» гезиттери жазып чыгышты. «Чөнтөк гезиттер» шардана кылып мактап аткан Норвегияга сапар учурунда бир осол окуя болуп өттү», деп маалымдайт «МСН» гезити. Президент Аскар Акаев Норвегиянын королу менен өкмөт башчысына кыргыз тайганынын эки күчүгүн белекке ала барган экен. Мыйзамды бекем сактаган европалыктар президенттин тартуусун аба майданынан өткөрбөй коюшуптур. Норвегиянын мыйзамы боюнча, эки күчүк 4 ай карантинде турушу керек. «Документи жок жаныбарды трапка жолотчу эмес эле, эки күчүк кантип президенттин учагына түшүп калганы эмдигиче түшүнүксүз», деп жазат гезит кабарчысы Елена Скородумова.
Эмдиги жылдын бюджети парламент талкуусуна коюла элек. Депутат Адахан Мадумаров ушул эле гезитте жарыяланган маегинде өкмөт жаңы жылга чукул парламент мүчөлөрүнүн көңүлүн алып, чай уюштуруп, келерки жылдын бюджети бир добуштан «ураа» менен кабыл алынарын айтат. Парламент талкуусуна коюлуп аткан Шайлоо кодекси Борбордук шайлоо комиссисиясынын (БШК) төрагасынын кызматын көтөрүү максатында жазылганын «МСН» гезитиндеги маегинде БШКнын мүчөсү Туйгунаалы Абдраимов маалымдайт.
Эларалык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы экономикалык эксперименти ийгиликсиз өтүп атканы Вячеслав Тимирбаевдин «Катасын моюнга алгысы келбеген фонд» деген макаласында козголгон. Автордун пикири боюнча, «Кыргызстандын 449 млн. доллар карызын Париж клубу кечип жибергенде эле өлкөнүн экономикасы өнүгүп кетиши күмөн. 12 жыл ичинде 1,8 млрд. доллардын жардамы менен көтөрүлө албаган өлкө эми оңолуп кетмек беле?»
Тоталитардык коомдо адам укугун коргоп, бийликтин камчысынан коркпой, басма сөздүн кадырын баарынан жогору койгон редактор Жаныбек Турсунов тууралуу Эсенбай Нурушевдин макаласы да ушул эле гезитте жарыяланган.
Демократия кодекси тууралуу шейшембидеги «Республика» гезитинде 1--вице премьер-министр Курманбек Осмонов менен Демократияны өнүктүрүү фондунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикирлери жарыяланды. Курманбек Осмоновдун айтымында, Демократия кодексинде жазылгандарды аткарбагандыгы же аны бузгандыгы үчүн эч ким жазаланбайт. Тек, бул - адеп-ыйманга чакырган документ. Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, Демократия кодекси «бул түркмөндөрдүн “Рухнамасынын” кыргыз бийлигине жаккан варианты. Бул үй-бүлө үчүн өтө керек, ким кантип жашап, эмне менен дем алып жатканын билүү үчүн абдан зарыл документ».
Мамлекеттик тил мыйзамы жана кыргыз тилинин абалы тууралуу шейшембидеги «Аалам» гезитинде чоң материал жарыяланды. Кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө «Кутбилим» гезити да кийинки санында кайрылды. Илимпоз Салижан Жигитов «жазма тилдин жетилиши үчүн 70 жыл аздык кылат» деген пикирде. Кыргыздын жаза билген интеллигенциясынын 15% эле кыргыз тилинде мыкты тексттерди түзсө эне тилибиздин абалы кыйла жакшырмак. Жазуучу Казат Акматов «республикада кыргыз тилин үйрөнүүгө зарылчылык түзүлгөн жок», деп эсептейт.
Шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын 2003-жылдагы тестирлөөнүн жыйынтыгын талдаган макаласы жарыяланды. Министрлик эркин тест кызматын түзүүнүн үстүндө иштөөдө.
Шейшембидеги «Агым» гезитинде «жекеме-жеке» рубрикасынын алдында Токон Шайлиева менен Жыпар Жекшеевдин кайчы пикирлери жарыяланды. Токон Шайлиева бу заманда ар ким өзүнө ишениш керек дейт. «Менин төркүндөрүм Ысыккөлдө. Барып калсаң жерден белин көтөрбөгөн элди көрөсүң. Буудай, картөшкөлөрү тирелет», - дейт Токон Шайлиева. «Казакстанда тентип жүргөндөрдү кантебиз?- деп суроо коет Жыпар Жекшеев. - Алар орто кылымдардагыдай эзилип, кул болуп жүрүшөт. Кыргызстан элинин 60% дыйканчылык менен гана жан багат».
«Илгерки лингвистика комиссиясы кайра тирили, - деп жазат Жолдошбек Зарлыкбеков «Агымга», - кечээтен тарта комиссия Бишкек мэриясынын иш-кагаздарды жүргүзүү абалын текшерип кирди. Мэрия кагаздары текши орусча жазылчу эле, эми кыргыз тили «жүк» болоруна шаар чиновниктери ичинен иренжип, сыртынан макул тей көрсөтпөскө аргасы калбады. Андан соң бүт министрликтердин иш-кагаздарын кыргызчалоо кампанейшинасы жүрөт».