Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Израил АКШнын Мамлекеттик катчысы жөөт-палестин чатагын жөндөө боюнча альтернативалуу тынчтык пландын авторлору менен кездешүүсүнө каршы


Израил бул жолугушууну катачылык деп эсептейт. Колин Пауэлл кечээ "Женева макулдашуусу" деп аталган символикалык тынчтык келишимин даярдагандар менен алдыдагы жума күнү жолугуу ниети бар экенин билдирген эле. Ал Израилдин дооматтарын четке какты:
- Эмне үчүн мен же АКШ жетекчилигинин башка өкүлү тынчтыкты көздөгөн адамдар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартышыбыз керектиги түшүнүксүз. Мамлекеттик катчы катары мен америкалыктардын, президенттин жана башка кесиптештеримдин алдында кызыктуу идеялары бар адамдар менен жолугууга милдеткермин. Муну менен биздин Израил мамлекетине , "Жол картасы" тынчтык планына көргөзгөн колдообуз азайбайт.
АКШнын мамлекеттик катчысы жөөт-палестин чатагын жөнгө салууну караган "Жол картасы" тынчтык планы күчүндө экенин бүгүн Мароккодо болгон учурунда да айтты.

XS
SM
MD
LG