Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Тбилисиге барган АКШ делегациясы Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактап калууга жардам берүүнү убада кылды


Бул тууралуу Грузиянын президенттикке талапкерлери арасынан лидер саналган Михаил Саакашвили билдирди. Саакашвилинин айтымында, Вашингтондун өкүлдөрү Грузияда стабилдүүлүк орнотууда да АКШ колдоо көрсөтөөрүнө ишендиришкен. Андан мурдараак Грузиянын аймагындагы Ажария автономиялуу республикасынын лидери Аслан Абашидзе Москвада буларга токтолгон. "Мындай деңгээлдеги шайлоо арыдан бери даярдалбайт. Ага жакшылап камдануу керек. Эгерде дагы бир "такмаза" уюштургулары келсе, анда жол ачык. Шайлоо кийинкиге жылдырылбаса, биз ага катышпайбыз", - деди Ажариянын лидери Абашидзе. Грузияда президенттик шайлоо 4-январга белгиленген.

XS
SM
MD
LG