Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргыз драма театрында марафон өттү


БИШКЕК. Кыргыз драма театрында өлкөдөгү аялдардын кризистик борборлору тарабынан уюштурулган кайрымдуулук марафон өттү. Марафон Кыргызстанда аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы өткөрүлүп жаткан акциянын алкагында өттү. Көрүүчүлөргө акын Шайлообек Дүйшеевдин авторлугунда жазылган кыргыз аялдарынын трагедиялуу турмушу жөнүндөгү театрлаштырылган көрсөтүү коюлуп, эстрада ырчыларынын концерти тартууланды. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын жекшембиде берген маалыматы боюнча, кайрымдуулук марафонунан аз өлчөмдөгү акча каражаты түшкөндүгүнө карабастан, анын баары Кыргызстандагы жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүү Фондуна которулат. Үй-бүлөлүк зордук зомбулукка каршы эл аралык акция дүйнөдө 13 жылдан бери өткөрүлүүдө. Кыргызстанда болсо мындай акция «Сорос-Кыргызстан» корунун көмөктөшүүсү менен 1999-жылдан бери уюштурулууда. 25-ноябрда башталган акция 10-декабрга чейин улантылат.

XS
SM
MD
LG