Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Ысыккөл облусунун губернаторунун жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдеттерин аткаруучулар дайындалды


БИШКЕК. Президент Акаевдин бүгүнкү жардыгы менен Ысыккөл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Токон Шайлиева дайындалды. Т.Шайлиева буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын акими болуп иштеген. Өлкө башчысы бүгүн кол койгон дагы бир жардык менен Темирбек Акматалиев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана экология министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Т.Акматалиев буга чейин президенттик администрация жетекчисинин орун басарынын кызматын аткарып келген.

XS
SM
MD
LG