Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Улуттар уюму Ооганстанда 9 баланын өлүмүнө алып барган окуяны иликтөөгө чакырды


Жаш балдар АКШнын аскерий учактары Газни провинциясындагы алыскы кыштактардын бириндеги үйдү жаңылыш бомбалап алганда мерт болушкан. Америкалык командачылык балдардын өлүмүнө байланыштуу өкүнүч билдирди. Ал эми АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад мындай деди:
- Тогуз баланын өлүмүнө алып келген трагедия - биз үчүн кайгылуу кабар. Мен балдарынан айрылган үй–бүлөлөргө көңүл айтам жана алардын аза кайгысын тең бөлүшөм.
Ооган президенти Хамид Карзай болсо америкалык командачылыкты келечекте мындай кырсыктарга жол бербеш үчүн жергиликтүү бийликтер менен чогуу–чаран иштөөгө чакырды. Америкалык өкүлдөрдүн айтымында, авиачабуул учурунда үйү бутага алынган молдо Вазир атуу адам да мерт болгон. Ал Ооганстандын аймагында терракттыларды уюштургандардын бири катары каралып келген эле. Бирок, "Ассошейтед пресс" агенттигинин кабарына караганда, молдо Вазир жашаган кыштактын тургундары ал бул аймактардан мындан эки апта мурун эле кетип калганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG