Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

БУУ Эл аралык соттон Израилдин аракетине баа берүүнү өтүндү


БУУнун Башкы Ассамблеясы дүйшөмбүдө кабыл алган резолюциясында Гаагадагы Эл аралык соттон Израилдин Иордандын Батыш жээгинде коргонуу дубалын тургузуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө пикирин билдирүүнү өтүндү. Документти 90 мамлекет колдоду, АКШ менен Израилди кошкондо сегиз мамлекет каршы, 74 өлкө калыс болду. Израил дубал палестин террорчуларынан сактануу үчүн керек деп эсептейт. Израилдин БУУдагы элчиси Дан Гиллерман өз сөзүндө буларды белгиледи:
- Дубал чек ара эмес жана анын саясий мааниси жок. Ал эч качан палестин аймактарынын укуктук статусун өзгөртпөйт. Израил Иордандын Батыш жээги менен Газа секторунун соңку статусу, анын ичинде чек ара маселеси тараптар макулдашкандай, сүйлөшүү жолу менен аныкталышын көздөйт.
Мунун аралыгында палестин согушчан топтору Израил менен ок атышууну токтотуу маселесин талкуулоо үчүн кайрадан жолугууга даярданууда. Жекшембиде Каирде аяктаган сүйлөшүүлөрдө мунаса табылган эмес.

XS
SM
MD
LG